2025-жылдын 13-февралында Кытайда кассалык кирешеси 10 миллиард юанга жеткен алгачкы тасмасы жарык көрдү. Ар кандай платформалардан алынган маалыматтарга ылайык, 13-февралдын кечинде "Не Чжа: Жин-пери дүйнөгө келет" анимациялык тасмасы жалпы кассалык кирешеси 10 миллиард юанга (алдын ала сатууну кошкондо) жетип, Кытайдын тарыхында мындай жетишкендикке жеткен биринчи тасма болуп калды.
2025-жылдын 29-январында расмий түрдө чыккандан бери тасма бир нече рекорддорду койду. Ал 6-февралда Кытайдын бардык мезгилдердеги кассалык тизмесинде биринчи орунду ээледи жана 7-февралда дүйнөлүк бир рыноктук кассалык тизмеде эң көп киреше алып келген тасма болду. 17-февралга карата тасманын дүйнөлүк кассалык кирешеси 12 миллиард юандан ашып, классикалык "Арстан падыша" анимациялык тасмасын ашып өтүп, дүйнөлүк кассалык рейтингдин алдыңкы 10уна кирди.
Тармактык эксперттердин айтымында, "Не Чжа: Жин-пери дүйнөгө келет" тасмасынын ийгилиги кытай анимациялык тасмаларынын жогорку сапаттагы өнүгүшүн жана Кытайдын кино рыногунун эбегейсиз потенциалын чагылдырат. Тасма Кытайдын бай салттуу маданиятынан шыктанып, заманбап элементтерди айкалыштырат. Мисалы, "Чек ара жырткычы" каарманы Сансиндуй жана Цзиньша археологиялык жайларынан табылган колодон жасалган фигуралардан шыктанса, Тайий Чжэнжэнь Сычуань диалектисинде сүйлөгөн комедиялык фигура катары чагылдырылган.
Техникалык жактан алганда, тасмада мурункусуна салыштырмалуу үч эсе көп каармандар бар, моделдөө жана реалдуу тери текстуралары менен кооздолгон. Анда 4000ден ашык мүчөдөн турган топ тарабынан тартылган дээрлик 2000 атайын эффект кадрлары камтылган.
Ошондой эле, тасма бир нече чет элдик рыноктордо көрсөтүлүп, эл аралык медианын жана көрүүчүлөрдүн олуттуу көңүлүн бурган. Австралияда жана Жаңы Зеландияда ал ачылыш күнүндө кытай тилиндеги тасмалардын кассалык кирешеси боюнча биринчи орунду ээлесе, Түндүк Америкада кытай тилиндеги тасманын алгачкы дем алыш күндөрүндөгү кассалык кирешеси боюнча жаңы рекорд койгон.
««Не Чжа: Жин-пери дүйнөгө келет» тасмасынын ийгилиги кытай анимациясынын күчүн гана эмес, кытай маданиятынын уникалдуу сүйкүмдүүлүгүн да баса белгилейт», - деди Chengdu Coco Media Animation Film Co., Ltd компаниясынын президенти жана тасманын продюсери Лю Вэньчжан.
Жарыяланган убактысы: 2025-жылдын 18-февралы


